Тез жаңылыктар:

2-мартта Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

0

Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3821
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники