Тез жаңылыктар:

Кара-Балтада 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

0

Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 71 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 09:42де ӨКМнын 22-Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  Кара-Балта шаарынын Спортивное кварталынын №1 үйүнүн №1 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1947-жылы туулган Л.П.У. аттуу аял кишинин жансыз денеси учураган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.  

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3824
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники