Тез жаңылыктар:

Баткенде 3 аял алдамчылык менен алектенип жүргөн

0
Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман-Баатыр» базарында белгисиз 3 аял февраль айынын баштарында жана орто чендеринде ошол базарда сатуучулук менен алектенген соодагерлерди алдап ишеничине кирип, товарларын алып, ушул күнгө чейин акчаларын бербей качып жүрүшкөн.
Бул боюнча Кадамжай РИИБине арыздар келип түшкөндөн кийин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Ош шаарынан бул аялдардын бирөөсү кармалат.
Текшерүү учурунда бул аялдын эки шериги тең аныкталып, өздүктөрү такталды. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары болгон бул бир тууган аялдар өз аттарын жашырышып, башка ысым менен сатуучуларды алдап товарларын алып, изин жашырып жүрүшкөндүктөрү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.
48 жаштагы Б.Р., 40 жаштагы Б.Н. жана 36 жаштагы Б.Г. Кадамжай районунан 3 факт алдамчылык кылмышы менен олуттуу өлчөмдө зыян келтиришкен. Ошондой эле алардын ортончусу 40 жаштагы Б.Н. 2017-жылдан бери Жалал-Абад облусунда да алдамчылык фактысы менен кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.
URL: http://kyr.bulak.kg/show/3840
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники