Тез жаңылыктар:

“Ош-Тазалыктын” кызматкери Азия чемпиондугуна жолдомо алды (фото)

0

2018-жылдын 22-23-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн Азия оюндарына тандоо турунда Ош шаарындагы “Алп Семетей” спорт клубунан барган Ураим уулу Жаныш 1- орунду багындырып, Азия чемпиондугуна жолдомо алды.

Жаш балбан 66 кг салмакта күрөштүн греплинг түрү боюнча мелдеште өлкө аймагынан барган спортчулардын арасынан алдынкы орунду багындырды. Жаныш Ураим уулу спорттун бул туру менен машыгып, көптөгөн мелдештерге катышып жүрөт. Учурда Ош-Тазалык ишканасынын инспектору болуп иштеп келе жатат. 
Ийгилик менен кайткан спортчуну Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров жана жалпы мекеме кызматкерлери куттуктап, мындан аркы спорттогу мелдештерине ийгиликтерди , жетишкендиктерди каалашты. 
Ураим уулу Жаныш 5-мартта Бишкек шаарында өтө турган Азия мелдешине кызуу даярданууда. Кошумчалай кетсек, жаш спортчу 2017-жылы Сочиде 22 мамлекеттин спортчулары катышкан панкратион боюнча мелдеште 2-орунду багындырып келген.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3841
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники