Тез жаңылыктар:

5-мартта Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

0

Түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

 Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 4-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 5-мартында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3847
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники