Тез жаңылыктар:

Жол кырсыгынан 4 киши каза болду

0

Жайыл районунда 4-март күнү саат 14:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Мам. №Z9574AD Тayota Ist үлгүсүндөгү жеңил унаа менен  мам.№070AAR Scania оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Тayota Ist унаанын ичинде 4 адам (2 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон. Баардыгы каза болушкан. Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы. Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун   куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3848
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники