Тез жаңылыктар:

Ош базарда кайрадан өрт чыкты (фото)

0

Ош базардагы "Сейтек" кичи базарынан 5-марттын түнүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, өрттү үч сааттын ичинде толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 1000 чарчы метр аянт күйгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жараат алгандар жок.

Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. Анын жанындагы "Берекет плюс" соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн.

 "Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Атайын лаборатория бар, алар азыр иштеп жатат. Жыйынтгы бүгүн чыгат", - деп айтылат маалыматта.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3875
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники