Тез жаңылыктар:

Видеоңду интернетке чыгарам деп, кыздан 2 миң доллар сураган бала кармалды

0

Бишкекте шантаж менен алектенген жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Биринчи май РИИБине бир кыз арыз менен кайрылган. Ал өз арызында белгисиз бала СМС жазып, аидеоңду, сүрөтүңдү социалдык түйүндөргө таратып жиберем деп коркутуп, 2 миң АКШ долларын талап кылып жатканын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө 600 доллар жана 1800 сом акча алып жаткан жеринен 18 жаштагы Нарын облусунун Ж. уулу к кармалган. Андан сырткары анын анын А. жана Н. аттуу шекртерине издөө жарыяланды.

Кармалган жаран үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары башталды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3951
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники