Тез жаңылыктар:

Өзгөндө 14 киши тамакка ууланды

0

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 киши тамакка ууланды. Алардын ичинде төртөө жаш балдар экенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 12-март күнү тогуз киши тез жардамга кайрылган. Бүгүн дагы беш киши кайрылды, алардын бири реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар үйдө жасалган салатты жеп ууланышкан.

Мурдараак, Кара-Суу районунда дагы 17 киши тамакка улаанып, 2 бала каза болгон.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3964
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники