Тез жаңылыктар:

Темир Жумакадыровдун атынан фонд түзүлдү

0

Мурдагы Вице-премьер Темир Жумакадыровдун атынан "Pro Lex" аттуу коомдук фонд түзүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Жумакадыровдун келинчеги Нора Сүйүналиевага таянуу менен жазды.

Сүйүналиева аталган фондду жолдошунун артында жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү максатында түзгөн.

"Pro Lex" деген сөз латын тилинен которгондо "мыйзам үчүн" деген маанини түшүндүрөт. Темир "мыйзам" деген сөздү туу туткан адам эле. "Өлкөгө мыйзамдуулук орнотуш керек. Мыйзам иштей баштаганда гана мамлекет өнүгүп, жарандар коопсуз жашай алат" деп көп айтчу. Анын баштаган ишин таштап салбай уланталы деген ой менен атайын фонд ачтык. Учурда командабыз менен коррупцияга каршы күрөш жана жолдордогу коопсуздук боюнча бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз ", — деди Сүйүналиева.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3966
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники