Тез жаңылыктар:

20 жаштагы кыз уурулукка шектелүүдө

0

Бишкекте 20 жаштагы кыз телефон уурдоого шектелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында бир кыз 8 миң сомдук "Самсунг" телефонун уурдап кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси "Уурулук" менен кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү катары 1998-жылы туулган К.Я кармалган.

 Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3970
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники