Тез жаңылыктар:

Өгөй энеси сабаган кызды Акыйкатчынын өкүлдөрү барып көрдү

0

Бүгүн, 13-мартта өгөй энеси сабаган тогуз жашар кызды Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барып көрдү. Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасына  түшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнчакыздын үй-бүлөсү 3 ай мурун Маевка жаңы конушуна көчүп келген. Кыздын атасы, өгөй апасы, бир иниси жана эки аталаш сиңдиси бар. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өз энеси эки жыл мурун жоголуп кеткен, учурда ал издөөдө.

Учурда бул окуя Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Акыйкатчы тарабынан ИИМге, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жашы жетелек балдар инспекциясынын жана өз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коркунучу астындагы балдарды учурунда аныктабаганы үчүн аймактык милициянын жоопкерчилигин кароо боюнча тийиштүү каттар жөнөтүлдү.

Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын айтымында, райондо миграциянын агымы чоң  аймак болуп эсептелгендиктен, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдү каттоо жана көзөмөлгө алуу бир топ кыйынчылыкты жаратат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3975
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники