Тез жаңылыктар:

Илмиянов кайсы журналистти сотко берүүгө камынууда?

0

Икрамжан Илмиянов анын "Ихлас" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин жазган журналистти жана маалымат каражатын сотко берет. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазды.

"Бир нече сайттар "Илмиянов менен Сатыбалдиевдин "Ихлас" фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?" деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, "мүмкүн, имиш" деп жазса да мейли эми, бирок бул жерде туура эмес маалыматты "туура" деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин, анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, адвокат иштеп жатат", - деп айткан Илмиянов.

Икрамжан Илмиянов өзүнүн бул аракети сөз эркиндигин басынтуу катары бааланышы да мүмкүн экенин белгилеп, бирок ириде өзүнүн абийиринин тазалыгы жогору экенин көрсөтүүгө тийиш экенин кошумчалады. Ал ошондой эле "Ихлас" курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилеп, ал ишкананын чыныгы ээси ким экенин да билбей тургандыгын айтты.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3976
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники