Тез жаңылыктар:

Мурунку вице-премьердин уулу Жогорку Кеңештин депутаты болду

0

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал мандатын бүгүн, 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда алды. Бул тууралуу АКИпресс маалымат агенттиги жазды. 

М.Маматалиев «Республика — Ата Журт» партиясынан Фархат Иминовдун ордун ээледи. Ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазган болчу. 
БШКнын бүгүнкү отурумунда «Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, №73 катарга жазылган Болотбек Дыйканбаев тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазбаганы маалым болду.

Ал эми, М.Маматалиев тизмеде №78 катарда болчу. 
Жаңы мандат алган эл өкүлү мурунку вице-премьер-министр Маматалиев Абдырахман Мадакимовичтин уулу.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3980
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники