Тез жаңылыктар:

МСКнын башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортту башкаруу механизмин оптималдаштыруу боюнча белгиленген чаралар тууралуу айтып өттү

0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү–ишкерлер менен жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортту башкаруу механизмин оптималдаштыруу боюнча белгиленген чаралар тууралуу айтып өттү.

Бул тууралуу О.Абдыкаимов бизнес өкүлдөрү менен тегерек столдо болгон жолугушууда ЕАЭБдин алкагында товарларды алып өтүүдө салык жол-жоболору жана салыктык каттоонун колдонуудагы механизми менен байланышкан, чечүүнү талап кылган суроолорго жооп берип жатып билдирди. Бир катар ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт кылуу максатында салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү механизмин кайра карап чыгууну сунуш кылышты, себеби учурдагы система импортчулар үчүн ыңгайсыздыкты жаратып, кошумча чыгымдарга алып келүүдө.

МСКнын башчысы ЕАЭБ өкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө коштомо кагаз жана салыктык каттоо тууралуу маалымкат берүү боюнча колдонулуп жаткан эрежелердин зарылдыгын негиздеп, механизмдерди жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча белгиленген иш-чаралар жөнүндө айып өттү.

Алсак, МСК салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын колдонуу мөөнөтүн бир айдан жарым жылга чейин узартуу жөнүндө сунуш киргизүүдө. “Муну менен импортчулар 6 айга чейин жарамдуу болгон маалымкатты бир жолу алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кире алышат”, – деп белгиледи МСК башчысы.  

Ошондой эле, ведомствонун башчысы О.Абдыкаимовдун сөзү боюнча маселелерди системалуу чечүү максатында, МСК кыргыз-казах чек арасынадагы төрт контролдук-өткөрмө пунктарына жакын Сервистик борборлорду түзүүнү пландоодо. Алар “Сосновка” контролдук өткөрмө пунктундагы Сервистик борбор сыяктуу эксаймактуулук негизде экспортчулар жана импортчулар үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүшмөкчү. Бул зарыл болгон документтерди тариздөө жол-жобосун оптималдаштырууга жана жүктөрдү алып өтүүнү тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. СБ тууралуу өкмөттүн токтомунун бул долбоорунда салыктык катталган жерине карабастан, сервистик борборлордо маалымкат берүүнү милдеттендирген ченемдер да киргизилген.

О. Абдыкаимов ак ниет салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүүгө каршы бөгөт коюу катары мурда колдонулган талондордун ордуна 2016-жылдын аягынан бери колдонуудагы механизм киргизилгендигин белгиледи. “ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортту башкаруунун жаңы механизми киргизилгенден кийин (коштомо кагаздарды жана маалымкаттарды тариздөөнү караган) 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы импорт боюнча КНС 25%га же 3 млрд сомго жогорулаган. Бул жылы болсо 2017-жылга салыштырмалуу 20%га өсүш бар”, – деп түшүндүрдү Салык кызматынын төрагасы.

Ал ошондой эле, МСКнын сайтында сунушталган электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга болоорун эскертти. Ал үчүн салык төлөөчүнүн кабинетине кирүүгө уруксат алуу керек жана ташып келинүүчү товарга тийиштүү салык органы интернет аркылуу коштомо кагаз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк түзүп, маалымкатка болгон зырылчылык жоголот.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/4567
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники