Тез жаңылыктар:

Анжияндын зөөкүр башчысына акыркы эскертүү берилди

0

Жергиликтүү чиновниктерди, айыл аксакалдарын жана мектеп директорун “чөө, көркө, айбан” деп тилдегени үчүн 5 миллион сум айыппулга жыгылган Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаев Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповдон акыркы эскертүү алды.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаевди мугалимдерди тазалык иштерине тартуу, өз каражаттарына кымбат баалуу гүлдөрдү жана көчөттөрдү сатып келүүгө мажбурлоого айыптады.

Өкмөт башчы 17-апрелдеги жыйыныда бир нече акимге сөгүш жарыялап, Дильмурод Рахматуллаевге акыркы эскертүү берилгенин билдирди.

2017-жылы 21-ноябрда Анжиян шаарынын башчысы Дилмурод Рахматуллаев пахта теримге жетиштүү киши алып чыкпаган коллеждердин, академиялык лицейлердин директорлорун каарып, «айбан», «эшек», «чөө», «атаңа наалат» деп сөккөнү кабарланган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура аткаминер административдик мыйзам бузганын билдирип, ишти сотко өткөрүп берген. 2017-жылдын аягында сот Рахматуллаевге 5 миллион сум (650 доллар) айыппул салган.

Бирок бул чиновник үчүн сабак болгон эмес. Быйыл февралда Дилмурод Рахматуллаев жетиштүү көлөмдө метталолом төкпөгөн жана балдар спортунун өнүгүшүнө акча бербеген жергиликтүү уюмдардын башчыларын кайрадан сөккөн.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/4622
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники