Тез жаңылыктар:

Премьер-министр ИИМ министрин жамаатка тааныштырды

0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-апрелде,  Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жааматына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган Кашкар Жунушалиевди тааныштырды.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев райондук ички иштер бөлүмүнүн инспекторунан министрлик кызматка чейинки жолду басып өткөн Кашкар Жунушалиевдин чоң иш тажрыйбасын белгилеп өттү.
Премьер-министр уюшкан кылымыштуулукка каршы күрөш, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгилөө менен катар ведомствонун жаңы жетекчисинин ишине ийгиликтерди каалады.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/4669
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники