Тез жаңылыктар:

Аукцион: Жээнбековдун портрети 5 миң долларга бааланды

0

Сүрөтчү Азамат Жаналиев президент Сооронбай Жээнбековдун портретин аукионго койду. Бул тууралуу сүрөтчү өзү журналисттерге билдирди.

Портреттин көлөмү 110×150 см түзүп, мык жана жиптин жардамында тартылган. Аукциондун баштапкы баасы 5 миң доллар деп бааланды. Бирок, сүрөтчү мындан жогору баага сатаарына ишенип турган чагы.

Түшкөн акчага сүрөтчү дүйнө жүзүн кыдырып, уникалдуу сүрөттөрдү тартууну улантат. Акчанын бир бөлүгүн карылар үйүнөжардамга, бир бөлүгүн карыздарын төлөөгө жумшайт.

"Сүрөттү президенттин өзүнө белекке берсем, ал мага китеп менен сувинер эле берет. Мен өзүмдүн чыгашаларымды да жаба албай калам", - дейт сүрөтчү.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/5013
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники