Тез жаңылыктар:

Көлдөгү ипподромго кеткен акчанын чоо-жайы текшерилип жатат

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы менен Эсеп палатасы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайын текшерип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына таянуу менен "Азаттык" радиосу жазды.

Алдын ала тыянакка ылайык, Ысык-Көлдүн Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту кыштагында ат майдандын курулушунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзам ченемдери бузулган:

- Жыйынтыгында, курулушка кетуүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйүп кеткен. Курулуш иштерин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 миллион сом кайда коротулганы тууралуу документтер жок болуп чыкты.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/5399
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники