Тез жаңылыктар:

Баңгизат сатып иштеген лейтенант кармалды

0

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери чек ара кызматкери менен милиция кызматкерин колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, алар ушул жылдын апрель айынан бери шектүү катары иликтенип жаткан.

Ленин РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ага опер кызматкери менен Чек ара кызматында келишим менен иштеп жаткан катардагы жоокер баңгизаттарын сатууга шектелүүдө.

"Бишкекте 27-май күнү оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө 32 жаштагы милиция кызматкери менен 26 жаштагы чек арачы кармалган. Кармалган жарандарды тинтүү учурунда алардын жанынан ширеңкенин кутусунда өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертиза аталган зат гашиш экендигин аныктаган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген"-деп айтылат маалыматта.

Аларга карата "Баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо, жасоо, колдонуу, ташуу жана таратуу", - беренеси менен кылмыш иши козголгон.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/5408
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники