Тез жаңылыктар:

Албек Ибраимов өзүнө карата кылмыш иши козголгонун журналисттерден уккан

0

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго карата "ТНК Дастан" боюнча кылмыш иши козголгондугу маалым болду.

Ал эми Ибраимов болсо, өзүнө карата кылмыш иши козголдугун ММКдан уккандыгын айтты.

"Мага карата кылмыш иши козголгондугун журналисттерден уктум. Шаардык кеңештин жыйынына катышып жатып, өзүмө карата кылмыш иши козголгонун да укпай калыпмын. Андан бери 8 жыл өттү, мен комментарий берүү үчүн ал иштерди кайрадан карап чыгуу керек", - деди ал.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/5448
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники