Аида Салянова жогорку инстанцияга арызданды

0

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата чыккан Ленин райондук сотунун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга арыз берилди. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында апелляциялык арыз берилди, анын качан каралаары белгисиз.

11-октябрь күнү Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков Салянованы  джылга эркинен ажыраткан. Бирок, 14кө жашы толо элек кызы болгондугуна байланыштуу сот өкүмү анын кызы 14 жашка киргенде күчүнө кире турган болгон.

 

Аида Салянова Бакиевдердин жакын өнөктөшү Елисеевге мыйзамсыз лицензия берген деп айыпталууда. Ал эми депутат болсо мунун баарын саясий куугунтук деп атоодо.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/576
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники