Жарнама үчүн орун 1200x100 px

ЖКда төрага алмашаары айтылууда

0

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышаарын жар салып, КСДПнын ишениминен чыгып калган болчу. Жай айларынын соңунда эле шайлоодон кийин Турсунбековду кызматтан алып, анын ордуна башка кишини коюшары айтылган болчу.

Ал тизменин башында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов турат. Ал шайланган президент Сооронбай Жээнбековду абдан жакындан жандап жүрөт. Жээнбеков деле Өмүркуловду бекеринен жанына жакындатпаса керек. Анткени алдыдагы түркүн саясий  оюндарда, күрөштөрдө  Чүй кланынын  таасирлүү өкүлдөрүнөн болгон Өмуркуловдун Сокеге пайдасы тийсе тиет, зыяны тийбейт.

Ак үй тараптагы күбүр-жшыбырларга кулак түрө турган болсо, Чыныбай Турсунбековду кызматтан ала тургн болсо, анын ордуна “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиевди ылайык көрүп жатканы маалым болууда. Анткен менен Шадиевдин депутаттардын арасында анчалык аброю жок, аны жогору жактан сүрөп өткөрбөсө, добуш берүүдөн өтпөй калуусу ыктымал.

"КСДПдан төрагалык үчүн Иса Өмүркуловдон сырткары Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рысбаев сыяктуу эрендер да күрөшкө түшүүгө даярдыгын билдирип,  спикердин креслосун өзүнө ылайыктап көрүп жатканы айтылууда", - деп жазат жергиликтүү сайттардын бири.

Демек, жаңы президент ант бергенден кийин төраганын алмашуусу күтүлөт. Ал эми айрым маалыматтарда болсо, Жогорку Кеңеш тарап, жаңыдан шайлоо болот.

Саясаттагы кызыктар али алдыда, чогу баам салып туралы...

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/660
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники