Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ушул жумада төрага кызматтан кетет

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жакынкы күндөрү кызматын тапшырып берээрин айрым маалымат каражаттары жазууда.

"Спикерлик кызматка КСДПнын лидери Иса Өмүркулов, Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин жетекчиси Аскарбек Шадиев («Бир Бол») жана Дастан Жумабеков («Кыргызстан») талапкер болору белгилүү болду", -деп жазды "Турмуш" сайты.

"Эртең көпчүлүк коалиция кезексиз жыйынга чогулат. Эгер арыз түшсө, жыйында каралат. Кызматын өз ыктыяры менен тапшыраарын Чыныбай Турсунбеков бейшемби күнү боло турган пленардык жыйында жарыялайт деген маалымат бар", - деп жазды jalbyrak.tv сайты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков кызматтан кетүүсү мүмкүндүгүн кечээ биринчилерден болуп жазган болчук.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/713
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники