Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы өткөрүлдү

0

Бүгүн, 2017-жылдын 25-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында Ош шаарынын 2017-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылдын IV кварталына карата милдеттер, Ош шаарынын экономика тармактарын жана калктын 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоо иштеринин абалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын ишмердиги жөнүндөгү маселелери талкууга алынып, Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү токтомдору кабыл алынды.
Коллегиялык жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, коллегия мүчөлөрү, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/724
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники