Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Көпчүлүк коалиция Дастан Жумабековду төрагалыкка көрсөттү

0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ЖК жыйынында отставкага кетээрин жарыялады.

Ал журналисттерге, депутаттарга кайрылып, 7 жыл саясатта жүрүп көптөгөн иштерди жасаганын айтты. Анын кызматтан кетип жатканы айрым депутаттардын арасында талаш жаратып, "Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев катуу сын айтты. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ага дароо жооп кайтарып, эч кандай пикир келишпестик жок экенин билдирди.

Өмүркуловдун сунушу менен бүгүн төрага шайлана турган болду. Көпчүлүк коалиция "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөтөөрү айтылууда. 

Буга чейин депутат Аскарбек Шадиев ("Бир Бол") төрага болуусу мүмкүндүгү кабарланган.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/726
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники