Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Карамушкина Жумабековго: Төрага болуп калсаңыз депутаттарды катуу кармаңыз

0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенин билдирди. Ал ушул убакытка чейин таза иштеп, баары менен бирдей мамиле кылганын, эч кимге таарынычы жок экенин айтты.

Көпчүлүк коалиция "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун талапкерлигин төрагалыкка көрсөттү.

Көпчүлүк коалициянын жыйынында депутаттар бир добуштан Жумабековду колдошту. Ага баары каалоо-тилектерин айтышып, адилет иштөөгө чакырышты.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Жумабековду төрага болуп калса, катуу болууга чакырды.

"Жогорку Кеңеш деген бир класс сыяктуу, ага оратор, катуу кармаган директор керек. Эгер, төрага болуп калсаңыз депутаттарды катуу кармаңыз",  - деди.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/727
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники