Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Милицияны сабаган депутат бошотулду. Анын ордуна апасы камалды

0

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жергиликтүү кеңештин мас депутаты Патрулдук милициянын кызматкеринин кийимин айрып, погонун жулуп алган.

23-октябрь күнү 02:30 чамасында ПМ кызматкерлери айдоочусу мас болуусу мүмкүн деп "Мерседес-Бенц" унаасын токтотушкан. Андан сырткары унаа толугу менен тонировкаланган болгон. Айдоочу ПМ кызматкерине асылып, кийимин айрып, погонун жулуп алган.

Кийинчерээк, ал 48 камакка алынган болчу. Бирок, ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылгандыгы маалым болду.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, М.Г. аттуу айылдык кеңештин депутатынын апасы арыздын негизинде Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Айылдык кеңештин депутаты Сокулук райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ал эми анын апасынын үстүнөн жер маселеси боюнча арыз түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Буга чейин да жер маселелери боюнча кармалган аялдын үстүнөн арыз болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/729
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники