Тез жаңылыктар:

"Кыз" ыры менен талкуу жараткан Зере тууралуу

0

19 жаштагы Зеренин "Кыз" (Эркиндигибиз) аттуу ыры бир күндө популярдуу болуп, элдин көңүл чордонунда 3 күндөн бери түшпөй келет. 

Анын себеби болуп, Зеренин өзгөчө стили жана ич кийимчен ырдаган клипи болду. Көпчүлүгү кызды сындап, "бул кыргых менталитени жатпайт" десе, таланттуу кыз, шоу-бизнесте жаңы бурулуш жасай турчу адам деп айткандар дагы болду. Биз Зере менен байланышып, анын мааниси жана ырдын жаралышы тууралуу сураштырдык. 

Чыгарманын мазмуну азыркы коомдо аялдардын теңдүүлүгүнө жана ээн эркин өзү каалагандай жүрүүгө укуктуу экенине үндөйт.

Мында аял затынын жашоосуна эч кимдин киришүүгө акысы жок экенин белгилеп, “Муну кийбе, аны кылба, Сен мага антип кыйкырба.” – деген жооп иретиндеги сөздөр менен ырдаган. “Бул чыгарма менен коомубуздун кыздар жөнүндө болгон стериотиптерди жок кылууга аракеттендим. Коомубузда ар кандай катмардагы аялдар бар, алар каалагандай болууга толугу менен укуктуу.

Көпчүлүк көздөгөн стандарттар бактылуу болуубуз үчүн тоскоолдук болбошу керек. “Хиджапчан кыздар жакшы, ачык кийингени жаман” деп, же болбосо “ачык кийиниш керек, оронбош керек” – сыяктуу сөздөр кыздарды бири-бирине атаандаштырып коомчулукка жагуу, тирешүү конкурсуна айланды.


Кыздар бири -бири менен тирешпей, биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү глобалдуу маселелерди чечүүгө аракеттенишүүсү керек. 

Клибимди көрүп, көрөрмандар катуу талкуу жүргүзүшүүдө. Алардын арасынан позитивдүүлөрүн дагы, негативдүүлөрүн дагы учураттым. Эң негизгиси тема козголду алар талкулоого ала турган. Эми артка жол жок, мен өсүү үчүн аракетимди көрө берем” – деди ырчы кыз.

Зере, ырды толугу менен өзү жазып, клипти досторунун жардамы менен тарткан. Идеясы ага таандык.

Азыр ал альбомунун үстүнөн иштеп жатканын айтып, жакында угармандарды суйүнтөөрүн кошумчалай кетти. 


URL: http://kyr.bulak.kg/show/7320
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники