Тез жаңылыктар:

Айгерим Расул кызы менен Нурзат Токтосунова элдештиби?

0

Ош шаарындагы тойканалардын биринде 15-сентябрда өткөн тойдо Айгерим Расул кызы  менен алып баруучу Нурзат Токтосунованын ортосунда чыр чыккан.

Маданият өкүлдөрүнүн бири экинчисин чачтап жаткан учурда тартылган видеону Айгерим Расул кызы социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн эле. Андан көп узабай Н.Токтосунова ага жооп жазды.

Бул чырга байланыштуу аты аталып жаткан ырчы Айжамал Кабылова да баракчасына өзүнүн ой-пикирин жазып, бирок бир аз убакыттан соң ал билдирүү өчүрүлгөн. Мунун себебин ырчы айым Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Билдирүүнү Гүлшайыр Садыбакасованын суранычы менен алып койдум. Ошол күнү тойдо кезегимди күтүп отурсам Айгерим келип: “Мен сизден мурда келгем» деп калп айтканы жинимди келтирди. Андан мурда барганым үчүн алып баруучу (Нурзат Токтосунова) мага биринчи кезек берди. Кош бойлуу болуп, бели ооруп жаткан аял үйүндө отурушу керек болчу. Өзүнөн улуу адамга кол көтөрүп, андан соң видеону таратканы такыр туура эмес көрүнүш.

Ал эми инстаграммдагы билдирүүнү устатым Гүлшайыр Садыбакасованын суранычы менен өчүрдүм. Гүлшайыр эжеге Айгеримдин апасы телефон чалыптыр. Мен бир гана Кудайдан корком. Айгеримдин жолдошу Ош ШИИБде эмгектенгенин көпчүлүк билет. Алар коркутуп, билдирүүнү алдырды деген туура эмес», — деди Айжамал Кабылова.

Ал эми Айгерим Расул кызына телефон аркылуу байланышканыбызда менеджери жооп берип, ырчы менен такташкандан кийин жообун айта турганын билдирген. Бирок бир аздан соң ал телефон номур өчүрүлүп калды.

Ал ортодо эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова эки тарапты элдештирүү аракетин көрүүдө.

«Маданият өкүлдөрүнүн бул чыры жүрөгүмдү оорутту. Бул нерсени коомго чыгарбай, эки тарап өз ара чечишип алса болот эле. Мен инстаграмды көп колдонбогондуктан бул тууралуу Айгеримдин апасынан уктум. Ал «баракчадагы постторду өчүрбөсө чыр улана берет» деди. Учурда Нурзат Токтосунова менен да байланыша албай жатам.

Айыпты бирөөнө койбойм. Маданият өкүлү болгондуктан эки тарапты элдештирүү милдетим деп билем», — деди Г.Садыбакасова.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7338
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники