Тез жаңылыктар:

Коррупция менен күрөш эсебине 5 миллион сомдой акча түштү

0

Жемкорлукка каршы күрөштүн натыйжасында өндүрүлүп алынган акчанын кезектеги топтолгон суммасы Бирдиктүү депозиттик эсепке которулду. Финансылык полиция кабарлагандай, которулган сумма 4 миллион 756 миң сом болду.

Учурда депозиттик эсепте топтолгон каражат 166 миллион 85 миңге жетти.

Быйыл июнь айында өкмөт экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акчаны эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү эсеп ачуу, акчаны бөлүштүрүү тартибин бекитүү тууралуу токтом кабыл алган.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7343
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники