Тез жаңылыктар:

Кыргызстанда жарым жылда майыптардын саны 27% өстү

0

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саны 181 400 болду. Бул соңку алты жылда майыптардын саны 27% өстү дегенди билдирет. Бул тууралуу парламентте эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Исакунованын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында ар бир райондогу эмгекке жарамдуулукту аныктоочу медициналык комиссиялардын ишине керектүү атайын адистештирилген унаалар алынууда. Анда бардык жабдуулар орнотулуп, канча аралыкты басып өткөндүгү да GPS системасы аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Министр майып адамдардын көбөйүшүн жол кырсыктарынын, өндүрүштөгү кооптуу абалдын жана ар кандай илдеттердин өсүп жатканы менен байланыштырды.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар БУУнун Майыптар жөнүндө конвенциясын ратификациялоого бийликти чакырып келет. 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7351
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники