Тез жаңылыктар:

Бишкектеги медициналык колледждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

0

Бишкек шаарындагы медициналык колледждердин биринин директору мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү окуу жайга кабыл алуу үчун колледждин директору 25 миң сом талап кылып жаткан финполицияга айтып, студент кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 225-берененин 2-бөлүмүнүн (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) негизинде кылмыш иш козголуп, 12-сентябрында ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө медициналык колледждин директору 25 миң сом алып жаткан учурда кармалды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7354
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники