Тез жаңылыктар:

Тажикстан: Чоң энеси өз небересин мыкаачылык менен өлтүрүп, тирүүлөй көмгөн

0

Абдурахмон Джоми районунун иликтөөчүлөрү болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 жаштагы наристенин өлүмүнүн себептерин иликтеп жатышат.

Кылмышка шектүү катары баланын чоң энеси,  58 жаштагы Ходжарой Ашурова кармалды.

 Бул тууралуу Радио Озоди билдирет.

Алдын-ала жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген аял Бохтара айылында жашайт, ал бул кылмышты кылгандыгынтолук  мойнуна алган.

Аталган факт боюнча (“Өлтүрүү” 2 бөлүм 104 статья) кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

 

                                               Окуянын чоо-жайы

 

3 жаштагы Бехрузджондун атасы Гулмурод Ашуров каргашалуу окуя 12-сентябрда болгондугун айтып берген.

 “Мен бул убакытта Орусияда иштеп жүргөм. Апам чалып 3 жаштагы балам Бехрузджон Яван районунда чөгүп кеткенин айтты. Мени алдап жатканын кайдан билиптирмин. Мекениме келип, бир канча күн баламдын денесин издедик. 18-сентябрда үйдөн алыс эмес жерден таптык. Мен убактылуу кармоочу жайга бардым, бирок апам менен сүйлөшкөн жокмун. Өз балаңд жоготуу күйүтү кандай болот экенин билесиңерби?”,-деген ал.

Тажикстан ИИМинин берген маалыматына ылайык, тергөөчү топ чоң энеси небересин тирүүлөй көмүп салганын иликтеген.

Навобод айыл башчысы Мусо Зохиров, кылмыш болгон жердеги иликтөө экспериментинин жүрүшүнө катышкан: “Ходжарай Ашурова өз небересин кантип жерге көмгөнүн айтып берди. Ал, кичинекейдин кыймылдап жатканын көргөндө өлгүчө урганын мойнуна алган. Баланы көмгөн жерден тапканда, анын денеси мыкаачылык толугу менен тытылганын байкадык. Колдору жок, буттары ар кайсы жерде жаткан, ал эми ичи жарылган экен”,-деп айтып берген айыл башчысы.

Кенедей баланы аял эмне себептен мындай мыкаачылык менен өлтүргөн азырынча белгисиз. Бирок Ходжара Ашурованын туугандары, ал келини менен урушуп жүргөнүн айтышкан.

Азырынча, Ходжара Ашуровы кылмыш кылып жатканда акыл-эси толук беле же жокпу  - белгисиз?

Өз чоң энесинин колунан каза тапкан баланын  өлүмү Тажикстанда биринчи жолу катталды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7356
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники