Тез жаңылыктар:

Бала бакчанын кызматкери 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелүүдө

0

 Шаардагы менчик бала-бакчалардын биринде үрөй  учурган окуя катталган. Анда 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелип ушул эле бакчанын кызматкери кармалган

 Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

"Окуя Октябрь районунда катталган. Анда 5 жаштагы кызга бала бакчада иштеген 32 жаштагы эркек кызматкер сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы жазылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деди басма сөз кызматы.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7399
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники