Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Жумабеков калыс иштеп берүүгө убада берди

0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматтан кетти. Анын ордуна Төрагалыкка көпчүлүк коалиция "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөттү. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Исхак Масалиевди жылдырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Дастан Жумабеков 80 добуш алса, Исхак Масалиев 32 добуш алды. Ал эми 5 депутат баарына каршы экендигин билдирген.

Бүгүнкү жыйындан кийин Жумабеков фейсбук баракчасы аркылуу бардык депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ал Жогорку Кеңештин Регламентинин алкагында калыс аткарууга убада берээрин жазды.

"Урматтуу мекендештер , бүгүн мамлекетибиз үчүн тарыхый күн болду. Менин талапкерлигимди бул жооптуу кызматка сунуштап депутаттар

 

колдоп бергенине чоң ыраазычылык билдирем. Аны менен катар Жогорку Кеңештин буга чейинки төрагалык кылып келген Жээнбеков Асылбек Шариповичке жана Турсунбеков Чыныбай Акуновичке өзгөчө ыраазычылымды билдирем. Сиздер, парламенттин ишмердигине бырдык күчтөрдү бириктирип, бир конструктивдүү эмгек жасадыңыздар.
Жогорку Кеңештин Төрагалык милдетин Кыргыз Республикасынын Конституциянын, Мыйзамдарынын жана Жогорку Кеңештин Регламентинин алкагында калыс аткарууга убада беремин. Кыргызстан дүйнөлүк аренада демократиянын, элибиздин ден-соолугун бекемдөө, билим деңгээлин жогорулатуу, бардар турмушта жашаган өлкө катары таанылууга баарыбыз чогу биргелешип аракет кылышыбыз зарыл. Бул аракеттердин ишке ашышына Парламент чоң салым кошо алат. Мен буга терең ишенемин. Сиздер менен бирге ушул жаркын ой-максаттарды ишке ашырууга умтулуп, баардык күч аракеттеримди жумшаймын деп терең ишендирем. 
Мен сиздерге таянып чогу парламенттин ишин алып барганга даярмын", - деп жазды Жумабеков.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/741
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники