Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Т. Икрамов: Фракцияда Төрөбаевге нааразычылыктар көп

0

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттарынын арасында лидери Бакыт Төрөбаевге нааразычылыктар көп. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Төрөбаев фракциянын чечимдерин аткарбай, өз билемдик менен көп аракеттерди кылды. Ошол эле президенттик шайлоого талапкерлигин койгондо жана башка талапкерге кошулганда  фракциянын эч кандай чечими болгон эмес.  Мындан кийин Төрөбаевдин лидердикте калуу маселесин убакыт көрсөтөт.

Эске салсак, Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн алгач талапкерлигин көрсөткөн. Кийинчерээк талапкерлигин кайтарып алып, бийликтин талапкерине негизги атаандаш болгон Өмүрбек Бабановго кошулган.

Булак: Марал

URL: http://kyr.bulak.kg/show/744
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники