Жарнама үчүн орун 1200x100 px

"Өнүгүү-Прогресс" 3 депутатын фракциядан чыгарды

0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматтан кетти. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жаңы төраганы шайлоо керектигин билдирип, көпчүлүк коалиция "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөттү. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Исхак Масалиевди төрагалык орунга жылдырып, добуш берүү болду. Анын жыйынтыгында Жумабеков 80, Масалиев 32 добуш алып, жаңы төрага дайындалды.

Жыйындан кийин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы чукул жыйын өткөрүп, 3 депутатты катарынан чыгарды. Мындай маалыматты фракциянын маалымат кызматкери Изати Шүгүралиев фейсбук баракчасына жазды. Бирок, ал кайсыл депутаттар фракциядан чыгарылганын жазган эмес, өзүнө байланышууга мүмкүндүк болгон жок.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/745
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники