Тез жаңылыктар:

Депутат президенттен Өмүрбек Бабановго көнүл бурууну суранды

0

Депутат Руслан Казакбаев, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурушунда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөттү, ал президенттин экс-министрлер менен жолугуу демилгесин белгилеп, Өмүрбек Бабановдун дагы ишине калыс болуп бериңиз деп айтып өттү. 

"Бул демилгени биз бүткүл топ менен колдойбуз. Учурдагы маанилүү заманбап идея. Сиздин демилгеңизди парламент президентик аппарат жана жарандык коом баары колдоого алат.

Бирок билинбеген менен президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл болду. Анткен менен бизде шайлоонун элеси, шайлоонун жаңырыгы биздин арабызда турат. Ушул идеяны, себеби, дегенде сиздин оппозициядан чыккан атаандашыңыз шайлоочулардын 34% алып, шайлоонун чечимине макул болуп, жалпы ынтымак үчүн президенттик шайлоону колдоп берди. Өзүңүздү куттуктап, президенттик шайлоону таанып, элди тынчтандырып, ден-соолугун чыңдоо үчүн өлкөдөн чыгып кетти эле. Өлкөдө саясий абал курчуп турганда бузукуларды укпастан, тажрыйбалуу аксакалдардын сөзүн угуп, бийликтин өз алдынча иштешине өз салымын кошуп өлкөгө келбей турду.  Өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө бекем туруп саясатка аралашкан жок.

Президентке кайрылуумдун себеби, жалпы партиялаштар жана шайлоочуларыбыз суранып жатат. Калыс, айкөл бул маселени карап берсеңиз"- дейт Руслан Казакбаев.

Бабановго карата козголгон кылмыш иши 2017-жылдын 4-ноябрында “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктар” жана “Улуттук, расалык жана диний кастыкты козгоо” беренеси боюнча козголгон.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчирээк ал депутаттык мандатын тапшырганын, саясий карьерасынын аяктаганын билдирген.

Кийинчирээк, үстүбүздөгу жылдын 19-сентябрднда УКМКнын бышчысы Идрис Кадыркулов Бабановго карата козголгон кылмыш иштин бирөөсү убактылуу тоткотулгандыгын билдирген. 

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7504
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники