Тез жаңылыктар:

 Депутат жолдо таштанды ыргыткандарга айыппул салууну сунуштады

0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жол чекесинде ыргытылган таштандыларга карата айыппул киргизүү керек деп эсептейт.

Бул туралуу ал бүгүн,11-октябрда  парламенттин пленардык отурушунда билдирди.

Айтымында, айрым айдоочулар  жана жүргүнчүлөр тамеки, момпосуйлардын сырттарын, алма кабыктарын жолго ыргытып көнүп калышкан.

 “Мындай болбош керек. Унаасын айдап бара жатып,терезесинен жолго таштанды ыргыткан айдоочуларды токтотуп, айыппул салыш керек. Эгер төлөөдөн баш тартса, анда жазык жоопкерчилигне тартуу абзел. Биз дал ушундай жол менен гана тазалыкты жана тартипти сактай алабыз,- деди Бакыт Торобаев

 Жолдо тартипти сактоо үчүн канча жол инспектору керек азырынча белгисиз.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7505
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники