Тез жаңылыктар:

Мавлянова интернетте дагы адамдын намысын коргоо керек экендигин айтты

0

Кытай туристтерине визасыз режим киргизүүнү сунуштаган депутат Махабат Мавлянова анын сөздөрүнүн мааниси интернеттеги социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айтты:

 Кээ бир маданияты жок адамдар сөгүнгөндөн тышкары, акчага буюртма аткарган фейк тайпалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар жана карикатураларды биринин артынан бирин чыгарып, кашыктап чогулткан абийиримди, ар-намысымды, элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып, бир күндө тебелеп жок кылгысы келди. Мунун артында саясий оппоненттер турганына да көзүм жетти. Ошондой эле социалдык тармактарда адамдын намысын коргогон чараларды көрбөсөк менин ордумда ар бир жаран болуп калышы мүмкүн.

4-октябрда парламентте сүйлөп жатып Мавлянова Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуш кылган. Мындай сунуш социалдык тармактардын колдонуучуларынын кескин сынына кабылган. Депутаттын сунушун Туризм департаменти колдогон эмес.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7507
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники