Тез жаңылыктар:

Роза Отунбаеванын маркум Уланбек Эгизбаевдин уулу, жубайы жана апасы менен түшкөн сүрөтү

0

Бүгүн, 11-октябрда экс-президент Роза Отунбаева маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин жаны төрөгөн жубайынын ал-акыбалын сурап төрөт үйүндө болду.

Эстеликке түшкөн сүрөттө - Маркум журналисттин апасы, жубайы жана уулу жана Роза Отунбаева

Сапаргүл Абдинабиева, кечээ, 10-октябрда уул төрөгөнүн билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында төмөндөгүдөй жазган.

Көкжалдын тукуму аман-эсен жарык дүйнөгө келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа көрбөгөн Кудайга шугур. Аны жашартып бергендей. 
Бул кабарды чыдамсыздык менен күткөнүңүздөрдү билем. Ак тилегиңиздер үчүн баарыныздарга рахмат! Абалыбыз жакшы.



Үчөөбүздүн акыркы бирге түшкөн сүрөтүбүз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага АТА статусун берчү- баатырым» д еген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр...  Ишеничиңди актайм. Башаты ушул болсун.

 

Буга чейин Сапаргүл, 8-октябрда Уланбек экөө бир жыл мурун баш кошконун жазып, азыр кара кийип отуруп калганын билдирген.

 

Ак көйнөк кийгем ушул күн,
Жыл өтпөй өңүн өзгөрттү.
Карадан жоолук салынтып,
Бурганак кылды дүйнөмдү..

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Кокжалдын тукуму аман-эсен жарык дуйного келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа корбогон Кудайга шугур. Аны жашартып бергендей. Бул кабарды чыдамсыздык менен кутконунуздорду билем. Ак тилегиниздер учун баарыныздарга рахмат! Абалыбыз жакшы. Учообуздун акыркы бирге тушкон суротубуз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага АТА статусун берчу- баатырым» деген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр... Ишеничинди актайм. Башаты ушул болсун.

Публикация от Sapargul Abdinabieva (@sapargul_abdinabieva)

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7508
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники