Тез жаңылыктар:

Муфтий Токтомушев Франциянын элчиси менен жолукту

0

11-октябрда Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда муфтияттын экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы аткарылып жаткан иштери, биргелешип терс диний агымдар менен күрөшүү маселелери талкууланды.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси муфтияттын жасап жаткан аракеттерине оң баа берип, бул иштер экстремизм, терроризмдин жолун торойт деген ишеничин билдирди. 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7520
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники