Тез жаңылыктар:

Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм. Кылычбек Султан чет өлкөдөн баш паанек сурады

0

Кылычбек Султан Кыргызстанга кайрылып келбейт жана чет өлкөдөн баш паанек сурады.

 Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook. баракчасында билдирди. Бирок кайсы өлкөдөн саясий баш паанек сураганы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан үй-бүлөсү менен Түштүк Кореяда жашайт.  Ал Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көргөнүн жана бул бийликти тануудан баштартып жаткандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Кылычбек Султан басма-сөз жыйынын уюштуруп президенттик аппарат аны Түштүк Кореянын аэропортунда болгон чыр тууралуу үн катпоону суранганын айтып, ошондой эле мекемедеги башка мыйзам бузуулар бар экендигин айткан.

 Бирок өлкө башчысынын басма сөз катчысы бул маалыматты четке каккан. Кылчбек Султан ошондой эле Малайзиядагы мыйзам бузуулар тууралуу козгогон

КРныны Тышкы иштер министирлиги Эрлан Абдылдаев президенттен элчини жумуштан алууну суранган.

Коргоо кеңешинин катчылыгы президенттин тапшырмасы менен аталган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүп, элчи тарабынан дагы, ТИМ тарабынан дагы мыйзам бузуулар болгондугун тактаган. Бүгүн ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жумуштан кетүү боюнча арыз жазды.

 

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7525
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники