Тез жаңылыктар:

"Азия Ньюстун" жетекчиси Келдибековго 2 миллион сом төлөп берет

0

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун арызынын негизинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди 2 миллион сом доо төлөөгө милдеттендирди. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Сартбаев ырастады.

Анын маалыматына караганда, Акматбек Келдибеков гезитте басылган айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган.

Экөө тең анын анын пайдасына чечилип, ар бирине миллион сомдон жалпы эки миллион сом "доо төлөнсүн" деген чечим чыккан.

Келдибековдон жана соттон муну тактоого азырынча мүмкүн боло элек.

Cартбаев аппеляциялык арыз жазабы же жокпу, азырынча айта элек

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7535
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники