Тез жаңылыктар:

Кыргызстанда коомдук жайларда чылым чегүүнү чектөө сунушталууда

0

Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын өтүп жатат. Анда маалым болгондой, учурда Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү сунушу каралууда.

Мыйзам долбоорунун автору, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, насыбай, электрондук чылым жана кальянды тыюу жагы каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамекиге толук тыюу салуу сунушталып жатат.

Адистер Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар жалпы адам өлүмүнүн 40 пайыздан ашуунуна себеп болуп жатканын белгилешет

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7540
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники