Тез жаңылыктар:

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы

0

Канатбек Абдыкеримов

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору:

“Темир жолдо 5 миллион тоннадан ашык жүк ташыдык”

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович – “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында 10 жылдан бери эмгектенет. Кесиби боюнча транспорт тармагында уюштуруу жана башкаруу иштери боюнча инженер. Транспорт тармагы боюнча Эл аралык сертификаттын ээси. Кыргыз өкмөтүндө транспорт жана коммуникация багыты боюнча эмгектенип, соңку мезгилде темир жолун куруу боюнча эл аралык долбоорду иштеп чыгууга салымын кошуп келет. 2018 - жылдын 1-октябрынан тартып "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору.

__________________________________________________________________

-Канатбек Абдыжапарович! Учурда Кыргызстандын темир жолунун ишмердиги көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. Сиз  алгачкы ишиңизди кандай маселелерди чечүү менен баштадыңыз?

 

-Сиздерге белгилүү болгондой бардык маселелер каражатка келип такалат. Темир жолдо да каражат аркылуу чечиле турган маселелер бар. Мында албетте түшкөн каражатты үнөмдүү пайдалануу, чыгашаларды оптималдаштыруу зарыл. Бул багытта каржы жагындагы абалды карап чыктым. Ар жума сайын өтүүчү жыйыныбыз бар. Ошол алгачкы жыйында ушул маселени көтөрдүм. Менин алгачкы ишим катарында ушул каржы багытындагы маселени айтсам болот.

 

-Кыргызстандын темир жол тармагында 9 ай ичинде ири көлөмдөгү жүктөр ташылыптыр. Мында эң башкысы темир жолчулардын эмгеги болсо керек. Сөзүбүздү ушул багытта баштасак.

 

-Туура айтасыз! Биздин негизги милдеттерибиздин бири - жүктөрдү ташуу. Бул үчүн темир жолчулар чоң эмгек жасашты. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын 9 айында  5 миллион 205 миң тонна жүк ташыды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла көптүк кылат. Башкача айтканда, 2017-жылдын 9 айында 4 млн. тоннадан ашык жүк ташылган. Быйыл көрсөткүчтөрүбүз жакшы. Бул деген канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет. Мында албетте, ишканадагы жүктөрдү ташуу Башкармалыгынын салымы чоң.

 

-Кыргызстандын ичинде кандай жүктөрдү ташыйсыздар?

 

- Азыр биз үчүн иш кызыган учур. Ташылып жаткан жүктөрдүн басымдуу бөлүгүн таш көмүр менен кант кызылчасы түзөт. Бишкек жылуулук борборуна поезд менен көмүр ташып жеткирүүнү биз камсыз кылабыз. Балыкчыдан жүктөлгөн көмүр Аламедин темир жол бекетине келип, анан жылуулук борборуна жеткирилет. Ал эми дыйкандарыбыз өндүргөн кант кызылчасын “Кошой” жана “Кайыңды-кант” ишканаларына ташып жеткиребиз. Тээ Маймактан тартып, Кант, Токмокко чейин кант кызылчасы жүктөлөт. Бул үчүн вагондор өз убагында берилип, уюштуруу иштери такай камсыз болуп турат. Мындан тышкары Россиядан келген күйүүчү май, курулуш материалдары жана эл керектөөчү товарлардын баарын биздин темир жолчулар ташып келишет.   

 

-Темир жолдо коопсуздук маселеси да биринчи орунда турат. Бул багытта абал кандай?

 

-Темир жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте жолдорубуз жакшы болушу керек. Темир жолун модернизациялоо иштери 2011-жылы башталган. Ошондон бери 195 чакырым жолго жаңы темир бетон шпалдары жайгаштырылды. Быйыл да шпалдарды, рельстерди алмаштыруу боюнча көп иштер жасалды. Темир жолун модернизациялоонун алкагында 2018-жылдын 9 айында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалы тарабынан темир жолго төшөлгөн шпалдардын саны өткөн жылга караганда 8,4%га көптүк кылат. Анын ичинде жаңы темир бетон шпалдары салынып, алар Германиянын “Фоссло” бурагычтары менен бекитилди.

 

-Жүргүнчүлөрдү ташуу багытында көрсөткүчтөр кандай?

 

-9 ай ичинде жалпысынан 246 миң 961 жүргүнчү ташылып жеткирилген. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 6 миң 921 адамга көп. Сиздерге маалым болгондой “Бишкек-Казань” поезд каттамы ачылып иштеп жатат. Азыр жүргүнчүлөр тарабынан жылуу пикирлер айтылууда. Ошондой эле Москва, Новокузнецк багыты боюнча каттамдар бар. Мындан ташкары жүргүнчүлөрдү ташуу Башкармалыгы “Узбекистан темир йуллари” АКсы менен такай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Ташкент-Рыбачье-Ташкент” поезд каттамын ачууга жетишти.

- Эми каржы-экономикалык абал боюнча да маалымат берсеңиз.

 

-“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Кыргызстанда ири салык төлөөчү ишканалардын катарында турат.  9 айдын жыйынтыгын алсак, салык түрүндө 262 миллион 843 миң сом, ал эми социалдык фондго 304 миллион 415 миң сом акча каражатын төлөп бердик. Аталган төлөмдөр өз убагында төлөнүп турат. Ал эми тапкан балансалык кирешебиз өткөн жылга караганда азыр бир топ көптүк кылат.

 

-Келечекте “Кыргыз темир жолу”  кайсыл багыттар боюнча өнүгөт? Темир жолду өнүктүрүү пландары боюнча айтсаңыз.

 

-“Кыргыз темир жолу”  Улуттук компания” мамлекеттик ишканасын 2018-2021-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары” боюнча көлөмдүү документ кабыл алынууда. Анда бардык багыттар боюнча алдыдагы өнүгүү иш-чаралары так белгиленген.

Мен эки багыт боюнча айта кетейин. Эң зарыл болгон багыт бул - жол чарбасын модернизациялоо. Мында темир жолго жаңы шпалдарды, рельстерди төшөө, жалпысынан алганда темир жолдогу капиталдык ремонт иштери кирет. Бул иш түздөн-түз темир жолдогу коопсуздук маселеси менен байланышкан.

Дагы бир зарыл болгон багыт бул: жүк ташууга зарыл болгон вагон жана локомотивдерди камсыз кылуу багыты. Мында жаңы вагон, тепловоздорду сатып алып, калктын жүк ташууга болгон талабын орундатуу - башкы максатыбыз. Сиздерге белгилүү болгондой 2017-2018-жылдардын аралыгында вагон паркыбыз жаңыланды. Бирок ал жетишсиз. Бул маселе бүгүнкү күндө да курч боюнча калып жатат.  Келечекте жогорудагы маселерди чечип, темир жолду өнүктүрүү башкы максаттарыбыздан болуп эсептелет.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/7547
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники