Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Текебаевдин ордуна ким келет?

0

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу "операция" башталганы маалым болду. Андагы маалыматка таянсак, Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин Текебаев "андатынан ажыратылууга тийиш.

Ал эми БШКнын өкүлү Атыр Абдрахматова БШК бул маселеде шашып жатканын билдирди.

"БШКга "Ата Мекен" фракциясы өзү кайрылган жок, парламенттен да мынай маалымат түшпөдү", - деп айтты ал.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов БШК Жогорку соттун чечимин күтүп жатканын, анын чечими менен Текебаев мандатынан ажыратыла тургандыгын айтты.

"Анын ордуна Искендер Гаипкулов келет. Партиянын БШКда бекитилген тизмеси боюнча анын кезеги келди", - деп айтты Шыкмаматов.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/801
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники