Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Бычакталып өлтүрүлгөн милицияны акыркы сапарга узатуу

0

2017-жылдын 26-октябрь күнү Бишкек шаарында кылмышкердин колунан Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты 25 жаштагы Майрамбеков Уларбек Уланбекович каза болду. Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында 1992-жылы туулган. 2014-жылы Россиянын ИИМдин Академиясын аяктаган. 2014-жылдан баштап ички иштер органдарында милициянын аймактык тескөөчүсү катары кызматын өтөп баштаган. Бүгүн 27-октябрь күнү аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы кичи мекени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында болуп өттү. Ага ИИМдин 1-орун басары милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков баштаган жалпы ички иштер органдары, ИИМдин ардагерлери,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү туугандары, достору жана айылдаштары катышты. Өз сөзүндө ИИМдин орун басары жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Уларбек Майрамбековдун баскан изине токтолуп, аны үлгүлүү кызматкер экендигин белгиледи. Бул кылмыш боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатканын жана тез арада кылмыштын бети ачылып кылмышкерлер мыйзам алдында жооп берет деп билдирди. Ал эми ИИМдин ардагери милициянын отставкадагы генерал-майору Молдомуса Конгантиев сөз алып, Уларбекти жаштыгынан көз алдында чоңойгондугун, ага өзү жол көрсөтүп, насаатын берип келгендигин эске салды жана өзүнүн кесибин бийик туткандыгы менен башкаларга үлгүлүү из калтыргандыгын атап өттү.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/828
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники