Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Турсунбек Акун кайрадан акыйкатчы болобу?

0

"Фабула» гезитинин бүгүнкү санындагы кыска кабарларда акыйкатчы Кубат Оторбаевдин кызматтан алынаары боюнча кабар чыккан. 

Андагы маалыматка таянсак, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш Кубат Оторбаевди кызматтан кетирээри айтылат.

Буга анын президенттик шайлоодогу аракети себеп болуп калышы ыктымалдуулугу айтылууда. Эгерде эле Оторбаев кызматтан кете турган болсо мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кайрадан акыйкатчы болуп келиши мүмкүн дейт автор.

Биз бул боюнча Турсунбек Акунга байланышып, айтылып жаткан пикирлердин канчалык чындыкка жатаарын сурадык.

"Кубат Оторбаев кетеби, кетпейби мен аны айта албайм, бирок анын абалы чатак. Кубат акыйкатчы институтунун кадырын жоготту, менин анын ордуна барайын деген оюм жок. Оторбаев жакшыбы, жаманбы ал өз ордунда иштеши керек, мен акыйкатчынын улам эле алмаша берүүсүн каалабайм. Азыр мен адам укуктары боюнча башка чоң проектилер менен иштеп жатам. Депутаттар да акыйкатчыны кол жоолуктай кылып алмаштыра бергени туура эмес", - деди Турсунбек Акун.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/871
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники